Chingiz Baimurzaev
1 year ago - 7 Dakika, 6 Saniye

Жибек жолу долбоору түрк дүйнөсү үчүн кандай мааниге ээ?

Жибек жолу долбоору 2003-жылы Кытайдын лидери Си Цзиньпин тарабынан сунушталган.  Аталган долбоор Кытайдын жерден жана деңизден Батышка карай жол алган экономикалык чабуулу катары эсептелүүдө. Чындыгында бул долбоор жаңы пайда болгон нерсе эмес. Тарыхта Жибек жолу (Кытай) жана Татымал жолу (Индия) деп аталган эки жол кээ бир тарыхый окуялардан улам кээде багытын өзгөрткөн, кээде болсо анын кээ бир багыттары токтоп калган. Бүгүнкү күндө Кытайдын долбоору болсо, ошол тарыхый соода багыттарын заманбап абалда кайрадан жандандыруу болуп эсептелет. Жибек жолунун деңиз тарабындагы багыты биздин азыр темабызга кирбейт. Бул макалада бизди кызыктырган маселе бул жолдун биз тараптан өткөн багыты болуп эсептелет. Пекинден Лондонго чейин бара турган жолдун көпчүлүк бөлүгү түрк дүйнөсү жашаган аймакты аралап өтөт. Ошондуктан Кытай бул аймакта жашаган өлкөлөрдү бул долбоордо кызматташууга чакырды жана анын натыйжасында көптөгөн өлкө менен өз-ара келишимдерге кол коюлду. 

Албетте, Түркия бул соода жолунун орчундуу аймагында орун алган. Мисалы Баку-Тбилиси-Карс темир жолу колдонулган болсо, Кытайдан чыккан товар он беш күндө Европа өлкөлөрүнө жетип бараары болжолдонууда.

Жибек жолу долбоору түрк дүйнөсү үчүн кандай мааниге ээ?

Эксперттер тарыхта болгондой эле экономикалык күч бара-бара Батыштан Чыгышка ооп жаткандыгын жана жакынкы жылдарда бул абалдын ого бетер күчөй тургандыгын болжолдошууда. Балким бул нерсе Кытайдын өнүгүүсүнөн улам болушу мүмкүн. Биз сөз кылып жаткан долбоор да анын инфраструктурасынын бири болуп саналат. Бул өзгөрүүлөр болуп жатса анда түрк дүйнөсүнүн ролу кандай болушу керек? Башкача айтканда, бул өзгөрүүлөр түрк дүйнөсүнө кандай таасир берет? Жогоруда айтып өткөндөй, Жибек жолунун көпчүлүк бөлүгү түрк дүйнөсү аркылуу өтөт. Бул өлкөлөрдүн лидерлери өздөрүнүн ортосунда жана Кытай менен көптөгөн келишимдерге кол коюшуп, долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо. Ошондуктан, азырынча инфраструктура жагынан анча деле маселе жоктой көрүнөт. Бирок негизги маселе, бул соода жолун түрк дүйнөсү кантип пайдалуу колдоно алат деген мселе эсептелет. Башкача айтканда, түрк дүйнөсү канчалык деңгээлде өндүрүш жасап, аны сыртка экспорттой алат? Эгер өндүрүш жасай албаса, бул соода жолу аркылуу экспорттой албаса, бул жол жөн гана Кытайдан келген импорт товарлардын мурдагыдан оңоюраак келүүсүнөн башка ишке жарабайт. Ошондуктан, түрк тектүү мамлекеттер кызматташууну бекемдеп, алгач өз-ара сооданын деңгээлин жогорулатуу үчүн чоң-чоң кадам таштоолору керек.