Türkan Hüseynova
1 year ago - 4 Dakika, 48 Saniye

Жаш ойлоп табуучу жамгырдын суусунан электр энергиясын өндүрүп чыгарды

АКШнын президентинин кеңешчиси жана президентинин кызы Иванка Трамп, Глобалдык Демилгечилик саммитинде 15 жашындагы Азербайжандык кыздын жетишкен ийгиликтерин мактап өттү. Иванка: «Сенин зээндүүлүгүн жана талыкпас эмгегин бизге илхам берүүдө» - деди.

Жаш ойлоп табуучу жамгырдын суусунан электр энергиясын өндүрүп чыгарды

Рейхан Жамалова кичине кезинен баштап эле майда нерселерди ойлоп тапкан. Ал Азербайжандын Куба шаарындагы Истек лицейинде 100 пайыз стипендия менен билим алууда. Рейхан өзүнүн достору менен бирге жамгырдын суусунан энергия чыгаруучу Rainergy аттуу аппарат жасап чыгарган. Бул аппарат 4 бөлүктөн турат: жамгыр суусун чогултуучу, суу контейнери, генератор, батарея. Бул аппарат 22 ватт энергия иштеп чыгарып 22 LED лампочканы жарыта алат. Рейхан бул аппаратын мындан ары да өнүктүрүүгө ниети бар: «Кээ бир өлкөлөрдө электр энергиясы өтө кымбат. Биз бул аппаратты өнүктүрүү менен аз чыгаша менен көп энергия жарата алабыз» Анын айтуусуна караганда, дүйнөдөгү миллиард литр жамгырдын суусун эгерде туура пайдалана турган болсок, электр энергиясын өндүрүүгө болот. 

Индияда өткөн Глобалдык Демилгечилик саммитинде Рейхан Жамалованын долбоору алгачкы баскычты ийгиликтүү өттү. Жакында жарым финалга жана финалга чейин жетүүсү күтүлүүдө.

Иванка Трамп Глобалдык Демилгечилик саммитинин өкүлү болуп саналат. Ал Рейхан жөнүндө мындай деди: «Рейхандын бир девизи бар: «Ар дайым бир үйдү жаңырт». Сен жаңырткан ар бир үң дүйнөнү жаңыртууда. Сенин зээндүүлүгүн жана талыкпас эмгегин бизге илхам берүүдө»

Рейхан Нобель сыйлыгын алууну максат кылат. Ал Америкадагы таанымал математик Лүтфи Алиаскер Заде сыяктуу дүйнөдө из калтырууну каалайт.

Азербайжан тилиндеги видео үчүн бул жерди, англисче видео үчүн бул жерди басыңыз.