Chingiz Baimurzaev
1 year ago - 2 Dakika, 41 Saniye
tr
az
en
kk
ky
uz
ru
tk

Жаңы президенттин Казакстанга алгачкы расмий сапары


Жаңы президенттин Казакстанга алгачкы расмий сапары


Бүгүн, 25-декабрда Казакстанда Кыргыз мамлекетинин президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий жолугушуу аземи болду. Бул Кыргызстанда октябрь айында болуп өткөн президенттик шайлоодон кийин Казакстанга болгон алгачкы расмий сапар болуп саналат. 

Жээнбеков Назарбаевдин чакыруусуна ыраазычылыгын билдирди. “Мен президент болуп шайланганда сиз мага жылуу сөздөр менен жазылган куттуктоо жөнөттүңүз. Убакыттан пайдаланып ыраазычылык билдирем. Сиз биздин аксакал жана улуу агабыз болосуз. Кыргыз-казак бир тууган эл. Мен стратегиялык байланышты бекемдөөгө бардык салымымды жумшайм”, деди Жээнбеков. 

Назарбаев Казакстан тарап кыргыз делегациясынын көтөргөн маселелеринин бардыгын чечип бергенге даяр экендигин жана ар бир муундун достукту сактап калууга жоопкерчилиги болушу керектигин белгиледи. Ошондой эле ал достукту муундан-муунга өткөрүп берүү зарылдыгын айтты.