Chingiz Baimurzaev
1 year ago - 2 Dakika, 37 Saniye
tr
az
en
kk
ky
uz
ru
tk

TAV Airports Holding Кыргызстанга инвестиция жасоого кызыктар


TAV Airports Holding Кыргызстанга инвестиция жасоого кызыктар


Дүйнөдө аэропорт кызматттарын көрсөтүүчү эң ири компаниялардын бири болуп эсептелген «TAV Airports Holding» компаниясынын аткаруучу директору Мустафа Сани Шенер өткөн айда (21- ноябрь) Премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушту. 

Жолугушууда «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторун модернизациялоого инвестициялоо тууралуу маселелер талкууланды. Мустафа Шенер компаниясынын дүйнөнүн 17 эл аралык аэропортто ийгиликтүү иш алып бараарын жана ошол эле багытта Кыргызстанга да инвестициялоого кызыкдар экендигин билдирди. Мындан сырткары, аэропорттордун инфраструктурасын өркүндөтүү өлкөнүн чет өлкөлөр менен соода байланышын жакшыртууга жана өлкөгө жаңы инвестицияларды тартууга шарт түзөөрүн баса белгиледи. Исаков жаңы инвестордун ички рынокко кирүүсү үчүн тийиштүү даярдык иштерин өткөрүүгө даяр экендигин жана бул долбоордуг иштөөсүн көзөмөлдөө үчүн атайын топ түзүлөөрүн айтып өттү.