Dilek Özdemir
2 years ago - 13 Dakika, 28 Saniye
traz
en
kkky
uz
ru
tk

Табиятынын кооздугу менен арбаган Мерсин шаарынын саякатталчу 10 жери

Мерсин, Түркиянын Акдениз аймагында (Жер ортолук деңиз) жайгашкан ири шаарлардын бири. Шаарды Жер ортолук деңиздин түштүк жээгиндеги курорттук шаарлардын бири катары баалоо чоң жаңылыштык. Анткени Мерсин, байыркы маданияттарды бириктирген тарыхый жана маданий борборлордун бири болуп эсептелет. Бул курорттук шаарда деңиз,ысык кум жана жылуу климаттан башка антикалык шаарлардын бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган урандыларын да көрүүгө болот. Анда эмесе, ушул шаарга гана таандык тантуни (жупкага оролгон эт) тамагынан даам сызып, табияты менен таанышып жана тарыхый жерлерине чогуу саякаттайлы...

Табиятынын кооздугу менен арбаган Мерсин шаарынын саякатталчу 10 жери


1-Эсхаб-ы-Кехф (Жети уйкучу үңкүрү): Мерсиндин Тарсус районуна караштуу Деделер айылында (Тарсустун борборунан 12 км аралыкта) жайгашкан. Эхаб-ы-Кехф үңкүрү христиандар да, мусулмандар да зыярат кылган ыйык жайлардын бири болуп эсептелет. Үңкүргө тийиштүү “Жети уйкучу” уламышында алты курдаш жана бир чабан тууралуу айтылат. Уламыштын каармандарынын аттары ар кимдин айтып берүүсүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн. Бирок көбүрөөк айтылган аттар мындай: Йемлиха, Мекселина, Мислина, Мернус, Дебернус, Шазенус, Кефештатайюш жана алар менен кошо болгон иттин аты Кытмир. 

2- Бейиш жана Тозок үңкүрлөрү (Женнет жана Жехеннем): тик бурчтуу жер чуңкурлары. Ал Мерсиндин Силифке районуна 21 км аралыкта жайгашкан Нарлыкую аймагына карайт. Бейиш жана Тозок үңкүрлөрү жер алдындагы суулардын таасиринен улам чөккөн жерлерде пайда болгон. Биринчи чуңкурга атайын жабдыктардын жардамы менен гана түшүүгө мүмкүн болгону үчүн “Тозок чуңкуру” менен атап коюшкан. Экинчи чуңкур жаралганда анын ичине жер менен кошо бир тарыхый чиркөө чөгүп кеткен. Ошого ал жерди “Бейиш чуңкуру” дешет. 


Табиятынын кооздугу менен арбаган Мерсин шаарынын саякатталчу 10 жери


3- Астым үңкүрү (Астма): Силифкидеги Бейиш жана Тозок үңкүрлөрүнүн түштүк-батышында 300 м аралыкта жайгашкан. Аймактын географиялык түзүлүшүн эң мыкты чагылдырган жерлердин бири. Ичине темир тепкичтердин жардамы менен түшүп, 200 метр узундуктагы галереяны көрүүгө болот. Үңкүрдө үч башка геологиялык мезгилге таандык издерди көрүүгө мүмкүн. Андагы абанын астма оорууларына жакшы келээри айтылат. Зыяратчылар үңкүрдүн айланасындагы бак-дарактарга чүпүрөк байлап, бата тилегендери үчүн бул жерди “Бата үңкүрү” деп да атап коюшат. 


Табиятынын кооздугу менен арбаган Мерсин шаарынын саякатталчу 10 жери


4 – Адам каньону (Адам каялары): б.з.ч. 1-кылымдан б.з. 2-кылымга чейинки аралыкта пайда болгон. Каньондун ичиндеги жардын бетине адамдардын келбети чегилгени үчүн “адамдардын каньону” деп атап коюшкан. Каньон Кызкалеси аймагынан 7 км аралыкта терең бир өзөндүн ичинде жайгашкан. Тик жардын бетине 12 адамдын келбети чегилген. 


Табиятынын кооздугу менен арбаган Мерсин шаарынын саякатталчу 10 жери


5 – Юмуктепе дөбөсү: б.з.ч. 7 миң жыл мурунку тарыхка таандык Анатолиянын эң байыркы аймактарынын бири болуп эсептелет. Юмуктепе дөбөсүн б.з.ч. 9 миң жыл мурун неолит доорунда жашаган дыйкандар жердеген деп айтылат.

6 – Тарсус шаркыратмасы: Тарсустун түндүгүндө Бердан дарыясынын аймагында жайгашкан. Рим императорлугу өкүм сүргөн учурларда бул жер көрүстөн катары колдонулган. Шаркыратманын суусу тартылган учурда көрүстөндүн урандыларын көрүүгө мүмкүн. 


Табиятынын кооздугу менен арбаган Мерсин шаарынын саякатталчу 10 жери


7 – Уулу Тарсус мечити: 579-жылы Рамазаноглунун беги Пири Мехмет Пашанын уулу Ибрахим бек курдурган мечит. Аймактын эң эски борборунда орун алган. Мечиттин короосунда көрүстөн, мечиттин мунарасы жана 1895-жылы курулган саат мунарасы бар. Мечиттин көрүстөнүндөгү Жами-и-Кебир же болбосо Жами-и-Нур деп аталган күмбөздө Шит азирети, Локман Хеким азирети жана Халифе Ме-мундун мүрзөлөрү бар.


Табиятынын кооздугу менен арбаган Мерсин шаарынын саякатталчу 10 жери


8 – Канлыдиване (Кандуу дубана): Мерсиндин борборунан 50 км аралыкта Эрдемли районунда жайгашкан байыркы шаар. Альба королдугунун диний борбору деп аталса да, шаардан дыйканчылыктын издери табылган. Б.з.ч. 2-кылымдан б.з. 7-кылымына чейин бул жерде тынымсыз отурукташуу жүргөн. Шаарда антикалык деңиз портунун жана чептин урандылары сакталып калган. 


Табиятынын кооздугу менен арбаган Мерсин шаарынын саякатталчу 10 жери


9 – Кызкалеси (Кыз чеби): Эрдемлидеги деңиз жээгинде жайгашкан Корикос чебинен 200 метр аралыктагы кичинекей бир аралдын үстүнө курулган. Кызкалеси Эрдемлиден 23 км, Мерсиндин борборунан 60 км аралыкта орун алат. Кызкалесинин урандыларынын арасынан чепти, чиркөөлөрдү, суу сакталчу чуңкурларды, суу арыктарын, жар бетиндеги мүрзөлөрдү, таш күмбөздөрдү, майда таш төшөлгөн жолдорду көрүүгө болот.


Табиятынын кооздугу менен арбаган Мерсин шаарынын саякатталчу 10 жери


10 – Айналыгөл үңкүрү (Күзгүлүү көл): Түркияда жакынкы мезгилде гана табылган жаратылыш кереметтеринин бири. Ал Мерсиндин Айдынжык районунда жайгашкан. Үңкүр, 1999-жылы Айдынжыктан 10 км аралыктагы Геми Дурагы (Кеме аялдамасы) аймагында кокусунан бир чабан тарабынан табылган. “Гилиндире үңкүрү” деп да атап коюшат. Үңкүргө темир тепкичтердин жардамы менен кирсе болот. Анын ичинде суунун жарымы таттуу, жарымы туздуу болгон көл, сталакиттер( үңкүрлөрдүн төбөсүндө сызылып чыккан суудан пайда болуп, төмөн салаңдап турган акиташ) менен сталагмиттер (үңкүрлөрдүн түбүндө суу тамчысынан пайда болгон уркуйган акиташтар) көздүн жоосун алып арбайт. 


Табиятынын кооздугу менен арбаган Мерсин шаарынын саякатталчу 10 жери