Sevde Kalafat
1 year ago - 4 Dakika, 17 Saniye

“Түркиянын эң кооз жолунун” кайгылуу таржымалы

Мугла менен Мармаристи бири-бирине байланыштырган “эң кооз жол” Гөкова аймагынын Акчапынар айылында жагашкан. Жолду бойлой өскөн жүздөгөн эвкалипттер жапжашыл өтмөктү элестеткени үчүн жергиликтүүлөр бул жолду “сүйүү жолу” деп атап коюшкан. Болбосо, кооздугу менен көп туристтин көңүлүн бурдурган, көптөгөн сериал жана тасмаларда тартылган бул жолдун кайгылуу таржымалы бар.

“Түркиянын эң кооз жолунун” кайгылуу таржымалы

Эвкалиптер айыл тургундары тарабынан 1938-жылы отургузулган. Ошол учурда айыл жери саздуу болгону үчүн чымын-чиркейлер көбөйүп, эл ичинде малярия оорусу күч алган. Малярия эпидемиясы айыл тургундарынын шайын алып, көпчүлүктүн өлүмүнө себеп болгон. Айыл башчысынын жети кызынан төртөөсү бул оорудан улам көз жумган. Акырында уулдуу болгон айыл башчысы, бул саздуу жерди кургатып малярияны жеңүүгө бел байлайт. Ал айыл тургундары менен дарак отургузуу боюнча аймактык башкармалыкка кайрылса да, майнаптуу жыйынтык ала албайт. Ошол эле аймакта жашаган бир жазуучунун колдоосу менен Австралиядан жүздөгөн эвкалиптин көчөтүн алдырып отургузушат. Дарактар чоңойгон сайын саздар кургап, чымын-чиркей азайган экен.

Учурда бул жол Түркиянын эң кооз жерлеринин бири. Дарактардын бийиктиги 20 метрге жетет. Бул айылга колдоо көрсөткөн жазуучунун аты - Халикарнас Балыкчысы. Айыл башчысынын өз уулу жана жазуучунун бакма баласы болсо - профессор Шадан Гөковалы.

Көздүн жоосун алган бул кооз жолдон жөн эле өтүп кетпестен, бир нече мүнөткө токтоп, таржымалы менен жакындан таанышып кетүүнү сунуштайм...