Dr. Atasağun
2 years ago - 17 Dakika, 3 Saniye
traz
en
kk
ky
uz
ru
tk

Түркиянын эң эски 10 ишканасы

Быйыл Түркия Республикасы курулушунун 94-жылдык мааракесин белгилейт. Бул мааракени утурлай өлкөнүн тарыхына атын жаздырган эң эски 10 ишканасы тууралуу маалымат топтодук. 

1-Хажы-Бекир Локумдары – 1777

Түркиянын эң эски 10 ишканасы

Хажы Бекир (Бекир ажы) 1777-жылы Кастамонунун Арач аймагынан Стамбулга көчүп келип, шаардын Бахчекапы районунда таттуулар дүкөнүн ачат. Дүкөндө локумдардын (түрдүү өсүмдүктөрдүн ширесинен жасалчу таттуунун түрү) жана конфеттердин түрүн жасап сата баштайт. Ал, 1817-1820-жылдары ажылык сапарына барып келгенден кийин Хажы Бекир деп аталып баштаган. Төрт кылымдык тарыхы бар Хажы Бекирдин таттуулары учурда бүткүл дүйнөгө таанымал. 

2 – Зираат (айыл-чарба) банкы, Митхат паша - 1863

Түркиянын эң эски 10 ишканасы

Митхат паша (бек) - Осмон императорлугунун Югославиядагы Ниш шаарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Паша ар кайсы тармактарда ийгиликтүү иш алып барган. Ал эл менен аралашып, алардын турмуш-абалын жакындан билген. Дыйкандардын жашоосун жакшыртуу жана көпөстөрдөн куткаруу үчүн өз алдынча изилдөөлөрдү жасайт. Жыйынтыгында калктын катышуусу менен мамлекеттик жардамды уюштуруу пикирине токтолот. Ошентип, 1863-жылы дыйкандардан топтолгон каражаттын негизинде мамлекетке караштуу “Мамлекеттин сандыктары” аттуу уюм курат. Бул уюм - улуттук банктын алгачкы үлгүсү катары тарыхка жазылып, учурдагы Зираат банкынын пайдубалын түзгөн. 

3 – Искендер Мехметоглу – 1867

Түркиянын эң эски 10 ишканасы

1867-жылы Бурсанын Кайхан айылында кийин дүйнөгө таанымал боло турчу бир тамак жасала баштайт. Аны Искендер мырза жасай баштаган. Искендердин энеси Өйкү менен атасы Мехмет эт тамактары жасалчу ашкана иштетишкен. Ошол учурда козунун эти бүтүн бойдон жыгач көмүрдүн табына какталып меште бышырылчу. Бирок Искендер мырза кардарларынын козу этинин ар башка бөлүгүнөн даам ооз тийишин каалап, чечим жолдорун издей баштайт. Искендер мырза козунун этин тарамыш жана сөөктөрдөн арылтып, түз бир таякчага тилим-тилим кылып тизип, аны айлантып жыгач көмүрдүн табына бышыра баштайт. Ошентип, пиде (калама нан), өзгөчө курамдуу сары май, соус, айран, помидор, көк калемпир менен кооздолуп, жанына шыра (жүзүм мейизинден жасалчу ичимдик) ичимдиги менен тартууланган белгилүү “Искендер” тамагы пайда болгон. 

4 – Курукахвежи Мехмет Эфенди – 1871

Түркиянын эң эски 10 ишканасы

19-кылымда түрк кофеси чийки бойдон сатылып, үйлөрдө курулуп жана жаргылчакта майдалангандан соң колдонулчу. 1871-жылы атасынын ишин улаган Мехмет мырза чийки кофелерди куруп жана аны сокку менен майдалап, кофенин ичүүгө даяр түрүн сата баштаган. Стамбулдун Тахмис көчөсүндөгү кофенин буркураган жыты көпчүлүктүн көңүлүн буруп, Мехмет мырза “кургак кофе жасоочу Мехмет мырза” ( Курукахвежи Мехмет Эфенди) деген лакап атка ээ болгон.

5 – Вефа Бозажысы (бозочу) - 1876

Түркиянын эң эски 10 ишканасы

Садык ажы алгач, үйүнүн жер төлөөсүндө бышырган бозосун алты жыл бою кыш айларында жоонунда ташып, хан сарайларга жана чөйрөсүнө тааныта баштаган. Суроо-талап көбөйгөндө бел байлап, 1876-жылынын сентябрь айында Стамбулдун эң эле бай тургундары жашаган Вефа районуна бозокана ачкан. Бозокана “Вефа бозочусу” деп аталып, бозону жасоо ыкмалары белгиленип, атадан мураска калган кесип катары калыптана баштаган. Көпчүлүккө таанымал болгон түрк бозосунун даамы жана курамы бузулбасын деген максатта,  бозону көп жылдар бою Садык ажы өзү жасаган. Кийинчерээк уулу Исмаил Хаккы Вефаны жанына алып, “Вефа бозочусун” чогуу иштете башташкан. Садык ажы түптөгөн бозокана учурда төртүнчү муун тарабынан иштетилип жатат. 

6 – Комили – 1878

Түркиянын эң эски 10 ишканасы

“Комилинин” таржымалы Мидилли аралында 1878-жылы башталган. Ошол жылдары аталган арал осмон империясына караштуу болгон. Комилик Хасан Мидилли аралында самын жана зайтун майын жасап күн көрө баштайт. Лозан келишими түзүлгөндөн кийин Түркиянын Айвалык аймагына үй-бүлөсү менен келип жайгашат. Комили маркасы таанымал болуудан мурун эле Хасан “сапатсыз товар менен кардарды бир жолу, өзүңдү түбөлөккө алдайсың” принцибин тутунуп иштей баштаган. Бул принцип “Комилиде” муундан-муунга өткөрүлүп берилет. 

7-Ребул – 1895 

Түркиянын эң эски 10 ишканасы

Ребул дарыканасы Джин Кесейр Ребул тарабынан 1895-жылы Стамбулдун Бейоглу районунда ачылган. Дарыкана алгач “Чоң Париж дарыканасы” деп аталган. Осмон императорлугу учурунда курулуп, азыркы учурга чейин иштеген жалгыз гана дарыкана. 

8- Тарыхый Сарыйер Бөрекчиси (пирог) -1895

Түркиянын эң эски 10 ишканасы

Тарыхый Сарыйер Бөрекчисиинин курулуш жылы 1890-жылдардагы осмон императорлугундагы ачкачылык учуруна туш келет. Ал 1895-жылдан бери иштеген Түркиянын эң эски үй-бүлөлүк ишканасы болуп эсептелет. Бөректердин (пирог) үстүнө шекер пудрасын себүү Сарыйер бөрегинин өзгөчөлүгү болуп эсептелет. 

9 – Хамидие суусу – 1902

Түркиянын эң эски 10 ишканасы

Стамбулда 1898-жылы Экинчи Абдулхамиттин буйругу менен таза суу өндүрүү боюнча бир комиссия түзүлөт. Сунушталган долбоор боюнча Кыркчешменини чыгышында жана Кемербургаздын туштүк-чыгышындагы Каракемер менен Ковуккемер аймагындагы 20 чактуу атайын суу топтоо үчүн курулган кудуктарга суу топтолуп, үстү темир капкактар менен жабылат. Бул долбоор 1900-жылы бүткөрүлүп, 1902-жылдын 26-майындан баштап таза суу таркатыла баштаган. Бүтүндөй империяда бышырылган чоподон жасалган түтүктөр аркылуу суу таркатылып жаткан учурда, Хамидиеде алгачкы жолу фон түтүктөрү колдонула баштаган. Бул түтүктөрдө атайын буроочтордун жардамы менен суунун басымын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү пайда болгон. “Хамидие суусу” ишканасы курулгандан кийин Стамбулдун тургундарына суу атайын курулган крандар аркылуу таркатыла баштаган. Бирок убакыттын өтүшү менен шаар чоңоюп, көчөлөрдөгү суу крандары колдонуудан чыккан. 1979-жылдан баштап шишелерге суу куюлуп сатыла баштаган. Учурда аталган ишкана Стамбул мэриясы тарабынан иштетилет. 

10- Коска Хажы Эмин Бей – 1907

Түркиянын эң эски 10 ишканасы

“Косканын” таржымалы Эмин ажынын (Хажы Эмин Бей) 1900-жылдардагы Денизлиде иштеткен халва дүкөнүнөн башталат. Атасынын кесибин уланткан Халил Ибрахим Адил Диндар 1931-жылы Стамбулдун Коска районунда бир дүкөн ачат. Дүкөндүн халвалары менен таттуулары тез эле таанылат. Жайгашкан районуна жараша Коскадагы халвакана деп атыгып, кийинчерээк марка катары колдонула баштайт. 1974-жылы Топкапыда фабрика курулуп, халва, локум жана кыямдын түрлөрү өндүрүлө баштаган.