Түрк дүйнөсүнүн жаштары Бишкекте жолугушту
Бишкекте Түрк Кеңешинин Экинчи эл аралык жаштар фестивалы өттү.

Бишкекте 10-12 июль күндөрү түрк тилдүү өлкөлөрдүн уюму болгон Түрк Кеңешинин Экинчи эл аралык жаштар фестивалы болуп өттү.
Жаштар фестивалы Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Кыргызстандын спорт жана жаштар маселелери боюнча кызматташуу келишимдеринин алакагында, Түрк Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулду.
Фестиваль - түрк дүйнөсүнүн маданиятын, тарых жана тилдерин өнүктүрүүнү жана маданияттар аралык байланышты курууну көздөйт.
Иш-чара расмий ачылыш отуруму менен башталып, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Кыргызстандын жаштарынын өлкөлөрдү танытуусу жана концерттик программасы менен коштолду.
Ошондой эле катышуучулар Ата-Бейит комплексине барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүн жана тарых музейин зыярат кылышты. Фестиваль катышуучулардын Ала-Арча табигый коругунда өткөн экскурсиясы менен жыйынтыкталды.
Жаштар фестивалынын биринчиси 2016-жылдын 27-30-сентябрь күндөрү Азербайжандын Генже шаарында өткөн.