Sevde Kalafat
1 year ago - 7 Dakika, 16 Saniye

Түрк дүйнөсүнүн ойчул акыны - Коркут Ата

“Таразанын бир чөйчөгүнө түрк элдеринин адабиятын, экинчисине Коркут-Атаны койсоңуз, ал тарап дагы оордук кылат”. 
                                                                                                 Проф.док. Фуат Көпрүлү

“Коркут Ата китеби” - орто кылымдагы огуздардан бизге жеткен жападан жалгыз адабий эстелик жана түрк элдеринин оозеки чыгармачылыгынын көрнүктүү үлгүсү. Бул чыгарма түрк тилинде жарымы кара сөз, жарымы ыр түрүндө жазылган “кичи эпос”. Башкача айтканда китеп кириш сөзү менен башталып, 12 дастан менен толукталган. Китептин 12 нускасы Германиянын Дрезден шаарында, 6 нускасы Ватиканда сакталуу.

Бул көнөргүс мурасты түрк элдерине тартуулаган Коркут Ата ким болгон?

Түрк дүйнөсүнүн ойчул акыны - Коркут Ата

Коркут Ата – баят уруусунан чыккан көрөгөч, ойчул, комузчу жана акын. Ал тууралуу китептин кириш сөзүндө “Расул алейхиссаламдын учуруна жакын заманда баят уруусундан Коркут Ата аттуу бири чыкты. Ал огуздардын көрөгөч олуясы эле. Анын айткандары туура чыкчу. Кайыптан түрдүү кабар берчү. Кудай талаанын колдоосуна ээ болгон. Коркут Ата: “Акыр заманда хандык кайрадан кайы уруусуна өтөт. Акыр заман келип кыямат болсо да, хандыкты эч ким ала албайт” деп айткан. Бул жерде осмон империясы тууралуу айтылганы талашсыз. Коркут Ата огуз уруусунун башына мүшкүл иш түшкөн учурларда даанышмандык кылган. Эмне деп буюрса да аткарышчу. Сөзүнөн чыгышкан эмес” деп жазылган.

Заманынын көрөгөч олуясы болгон Коркут Атанын насыяттары жана накыл кептери учурда да актуалдуу.

Коркут Атанын накыл кептери:

Кудайга жалынуу менен иш бүтпөйт, теңирдин буйругу болбой эр жигит байыбайт.

Маңдайга жазылбаган кырсык келбейт, ажалы жетпеген өлбөйт.

Өлгөн жан тирилбейт, чыккан жан кайтып келбейт.

Эр жигит кара тоодой дүнүйө жыйнаса да, насип буйруганын гана жейт.

Шаркыраган суулар ташса да деңиз болбойт.

Текеберчиликти теңир жактырбайт, көңүлү чөгүңкү эрдин өлкөсү болбойт.

Жат элдин асыранды баласынан уул чыкпайт, бой жеткенде таштап кетет, көзүнө да илбейт.

Күлдөн дөбө, ич күйөөдөн уул болбойт.

Кара эшектин башына жүгөн салсаң да качыр болбойт, күңгө кымкап жапсаң да канайым болбойт.

Кар калың жааса да жайга, гүл жайнаган гүлзар да күзгө калбайт.

Эски кебезден бөз, эски душмандан дос болбойт.

Кара баш атка кыйбаса жол башталбайт, кара болот кылыч менен чабышбаса душман майтарылбайт, эр жигит дүнүйөсүнө кыйбаса аты чыкпайт.

Кыз энеден үлгү албаса өнүкпөйт, уул атадан үлгү албаса сапарга чыкпайт.

Уул-атанын сыры, эки көзүнүн нуру.

Дөөлөттүү уул – очоктун чогу

Дөөлөтсүз уул – атанын шору.

Уулдун көргөн күнү күн болбойт, атадан мал калбаса

Атанын малы пул болбойт, кара башта акыл болбосо.