Chingiz Baimurzaev
1 year ago - 4 Dakika, 9 Saniye
tr
az
en
kk
ky
uz
ru
tk

Сулайман-Тоо – 3000 жылдык шаардын сепили


Сулайман-Тоо – 3000 жылдык шаардын сепили


Сулайман - Тоо -  Ош шаарынын ортосунда орун алган. Ал ЮНЕСКО дүйнөлүк мурастар тизмесине Кыргызстандан эң алгачкылардан болуп кирген. Бийиктиги деңиз деңгээлинен 1176 метр чамасында. 

Сулайман - Тоо кээ бир адамдар тарабынан ыйык деп саналып, аны зыярат кылгандардын саны арбын. Бул тоо тууралуу уламыштарда Сулайман пайгамбардын жана Искендер Зулкарнайдын аты аталат. Сулайман-Тоонун боорунда музей орун алып, анда шаардан табылган тарыхый табылгалар жана жергиликтүү калктын маданиятын чагылдырган буюмдар сакталат. Тоонун эң үстүндө тарыхый Тахты-Сулайман мечити (же Бабурдун үйү) орун алган. Бул мечитке бардык мезгилде зыяратчылар келип турушат. Чыгыш тарабында Рабат Абдуллахан мечити (XVI-к), түштүк-чыгышында Асаф бин Бурхия (XVIII-к) күмбөзү жайгашкан. 

Ош шаарынын тарыхы өтө эле эски убактарга барып таянат. Тарыхта шаардын айланасы чеп менен курчалып турган экен. Ошол эле учурда бул шаар чыгыш менен батышты бири-бири менен байланыштырган Жибек-Жолунда орун алган жана соода-сатыктын чоң борбору болгон. 2000-жылдын октябрь айында эл аралык аренада Ош шаарынын 3000 жылдык маарекеси белгиленген. 

Ош шаары бүгүнкү күндө да өзүнүн тырыхы, маданияты, калкынын меймандостугу, тамак-ашынын көп түрдүүлүгү жана табиятынын сулуулугу менен айырмаланып турат. Ошко келген туристердин саны да жыл сайын арбууда. Түркиянын Стамбул, Маниса, Йозгат, Самсун, Амасья шаарлары Ош шаарынын «бир туугандары» болуп эсептелет.