Dilek Özdemir
2 years ago - 4 Dakika, 38 Saniye

Стевия - табияттын шыпаалуу колу

    
Стевия - табияттын шыпаалуу колу


Стевия өсүмдүгүнүн мекени Парагвай болуп эсептелет. Бул өсүмдүк диабет дартына даба болууда. Аны өстүрүү дүйнөнүн булуң-бурчунда тездик менен жайылууда. Түркиянын Ризе облусунда сыноо иретинде өстүрүлүп көргөндөн кийин жыйынтыгы ийгиликтүү аяктады. Стевия биз жашап жаткан кылымдын өсүмдүгү деген наам алды. Ал шекерге караганда 400 эсе таттуу болуп эсептелет.

Бул табигый таттуулук диабет гана эмес гипертензия (өтө жогорку басым), май каптоо сыяктуу ооруларды айыктыруу үчүн да колдонулууда. Анын ичинде эч кандай шекер жок бирок, адамга шекерден 400 эсе таттуу сезим берет.

Адамга ал сезимди берген нерсе Стевиянын ичиндеги стевиосид деген элемент болуп эсептелет. Анын бир тутамынын упасы бир литр чай, кофе же башка ичимдиктерди таттуу кыла алат. Стевиянын башка шекерлерден же шириндиктерден айырмасы, аны сиңирип жатканыбызда эч кандай инсулин бөлүнүп чыкпайт. Стевиянын суусу кандагы шекерди нормалдуу сактай тургандыгы айтылууда.


Стевия - табияттын шыпаалуу колу          

Стевия өсүмдүгүнүн пайдалары:

* Стевия өсүмдүгүнүн ичинде калория болбогондукан, ал арыктоого жардам берет

* Стевия кандагы шекерди көбөйтбөйт.

* Шекер менен ооругандар бул өсүмдүктү врач менен кеңешип колдоно алышат.

* Жаныбарларга жасалган тажрыйбаларда бул өсүмдүк тиште дак пайда болушуна жана чирүүсүнө тоскоол болгондугу тастыкталган

* Кандагы шекердин деңгээлин сактайт.

* Гипертензияга тоскоол болот.

* Стевия терини сактайт, кубаттандырат жана тырыштарды жоготот. Тери үчүн маска катары колдонууга болот.

* Стевия өсүмдүгү депрессияга жолтоо боло тургандыгы маалым.

* Ашказан жана ичегилерди коргойт.

* Ашказан кычкылынын балансын сактайт.

* Анын эч кандай белгилүү терс таасирлери жок.