Chingiz Baimurzaev
11 months ago - 2 Dakika, 34 Saniye
traz
en
kk
ky
uz
ru
tk

Президент Сооронбай Жээнбеков Анкарага келди

Бүгүн 9-апрелде расмий иш сапары менен Түркияга келген президент Сооронбай Жээнбековду Анкарадагы "Эсенбога" аэропортунда вице-премьер-министр Хакан Чавушоглу тосуп алды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Анкарага келди

Жергиликтүу саат менен түштөн кийин саат 16:45де Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган президенттик резиденцияда Кыргыз республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду расмий салтанат менен тосуп алат. Андан соң эки ажо ортосунда жеке сүйлөшүүлөр болот. Сүйлөшүүлөрдөн кийин келишимдерге кол коюу аземи жана биргелешкен басма сөз жыйыны өтмөкчү. Кечки саат жетиде президенттик резиденцияда Жээнбековдун урматына арналган расмий сый-тамак берилет.

9-10-апрелдеги бул эки күндүк иш сапардын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо, спорт, айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташтык сыяктуу бир катар келишимдерге кол коюлат. Түркиядагы расмий сапар аяктаган соң, Жээнбековдун сапары Бельгияда уланмакчы.