Aiperi Seiitbekova
1 year ago - 2 Dakika, 30 Saniye
tr
az
en
kk
ky
uz
ru
tk

Орусиянын илим фонду жаш илимпоздордун долбоорлорун колдоо үчүн акча бөлдү

Орусиянын Президинттик илим фонду 2018-жылында жаш илимпоздорду колдоо программасы үчүн 2,2 миллион рубль бөлдү.

Орусиянын илим фонду жаш илимпоздордун долбоорлорун колдоо үчүн акча бөлдү

Орусиянын илим фонду тарабынан 2018-жылы өткөрүлгөн Президенттик илимий-изилдөө долбоорлорунун программасынын сынагын  816 жаш изилдөөчү жеңип алды.  

Фондун маалыматы боюнча, долбоорлордун иш жүзүнө ашырылышы үчүн 503 изилдөөчүгө эки жыл бою жылдык 1,5-2 миллион рубль суммасында стипендия берилет. Ал эми жаш илимпоздордун 313 жетекчисине үч жыл бою жылдык 3-5 миллион рубль стипендия бөлүнөт. 

Адистер болсо, мындай колдоо илим жаатында жаңы ийгиликтерге жол ачат деп үмүттөнүп жатышат. Жалпысынан бардык долбоорлор үчүн 2,2 миллиард рубль төлөнөт. 

Стипендиянын талапкерлеринин баарынын кандидаттык даражасы бар жана алар 33 жашка чейинки илим изилдөөчүлөрү. 

Орусияда илимпоздордун 20 пайызын 30 жашка чейинки жаштар түзөт.

Булак: riafan.ru