Dilek Özdemir
1 year ago - 7 Dakika, 24 Saniye

Нооруз - түрк дүйнөсүнүн орток майрамы

Табият менен бирге жашап, жерди «эне» деп атаган түрк элдеринин аң-сезиминде жаздын келиши өзгөчө мааниге ээ болуп эсептелет.

Нооруз түрк дүйнөсүнүн түндүгүнөн түштүгүнө, батышынан чыгышына чейинки кең аймакта жашаган элдердин көпчүлүгү тарабынан кеңири майрамдалган жаз майрамы болуп эсептелет. Көпчүлүк майрамдар кээ бир диний же болбосо улуттук ишенимдерден, ал коомго тиешелүү тарыхтан, ички сезимдерден, табияттын инсандарга болгон таасиринен улам пайда болгондугу айтылып келет. 


Нооруз - түрк дүйнөсүнүн орток майрамы


Нооруз майрамы түрк элдеринин ислам динин кабыл алгандан кийинки учурларда дагы сүргүн аңы, той, шөөкөт ж.б.у.с ислам динине карама-каршы келбеген бир канча үрп-адаттар менен бирге уланып келген. Үрп-адаттар тарыхтын кайсы доорунда пайда болгондугун биле албайбыз. Алар неге, эмне үчүн, кандай деген суроолор суралбастан атадан балага өтүп мурас болуп келген. Ошондуктан үрп-адат, каада салттар улуттун бекемдигин сактоочу негизги түркүктөрдүн бири болуп эсептелет..

Нооруздун суннийлик, алавиялик же бекташийлик менен эч кандай байланышы жок жана ал ислам дининен мурунку доорлордон бери уланып келе жаткан салт болуп саналат. Ошондуктан ал, бир диндин же мазхабдын майрамы эмес. Ноорузду кайсы бир динге, мазхабга же кандайдыр бир улутка таңуулоо туура болбойт!

1990-жылдарда эгемендүүлүккө  ээ болгон Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Орусиянын карамагындагы Татарстан сыяктуу тектеш республикалар 21-март Эргенекон/Нооруз майрамын «улуттук майрам» катары кабыл алышкан. Түркияда болсо бул 1991-жылдан тартып башка тектеш өлкөлөрдөгүдөй майрам болуп эсептелип келет бирок, бул күн Түркияда атайын эс алуу күнү эмес. 


Нооруз - түрк дүйнөсүнүн орток майрамы


Нооруз тектеш түрк элдери үчүн аларды бири-бири менен жакындаштырган, Эргенекондогу темир чынжырларды эритип, аталарынын рухтары менен жанып турган от болуп саналат. Бул от миңдеген жылдар бою өчкөн жок  жана мындан кийин дагы өчпөстөн миңдеген рухтарды жылытууну уланта берет. Евразиянын, түрк дүйнөсүнүн Нооруз гүлү келечекке карай үмүттөрдү ташый берсин.

Түрк дүйнөсүндөгү Нооруздун аталыштары

Нооруз (жаңы күн) түрк дүйнөсүндө гундардын доорунан бери эле түрдүү аталыштарда аталып, табияттын жана улуттук ойгонуунун символу катары майрамдалып келген. Анын төмөндөгүдөй ысымдары бар:

Невруз, Новруз, Султаны Непруз, Султаны Наврыз, Наврез, Неврис, Наорус, Новроз, Наврыс Ойых, Невруз, Норус, Улустын Улы Куни, Улустын Улы Гүнү, Улу Күн, Эргенекон, Бозкурт, Чаган Бабу Марта, Күрклү Марта, Илкйаз йортусу, Йени гүн, Йени йыл, Март докузу, Мереке, Мейрам, Нартукан, Нартаван, Ысыах байрамы, Алтай көдүргени, Бахар байрамы, Йөрүк майрамы, Меврис.