НАТО Түркияны коргойт
Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөн НАТО жыйынын расмий билдирүүсү жарыяланды. Билдирүүдө уюмдун Түркияны коргой турганы айтылат. Брюссель жыйынына 29 өлкөнүн жетекчиси катышкан.

Билдирүүдө айтылган маалыматтар боюнча НАТО уюму Сирия тараптан Түркияга баллистикалык ракета менен жасалышы мүмкүн болгон соккулардын жана башка коркунучтардын алдын алуу боюнча иштерди аткарат.
Ошондой эле Ирандын жана Орусиянын акыркы учурда жасаган аракеттеринен улам Ортоңку Чыгыштагы тынчтыктыктын бузулушу тууралуу да пикирлер айтылды.