Chingiz Baimurzaev
1 year ago - 1 Dakika, 51 Saniye
tr
az
en
kk
ky
uz
ru
tk

Кытайда "Манас" эпосунун негизинде опера коюлду


Кытайда "Манас" эпосунун негизинде опера коюлду


Дүйнөдөгү эң чоң эпос болуп эсептелген "Манас" эпосунун операсы Кытайда экинчи ирет коюлду. Ага 100дөн ашуун артисттер катышышты. Операнын сценарийи Кытай эл республикасында жашап өткөн улуу кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын варианты менен жазылган "Манас" эпосунун негизинде кытай тилинде жазылды. 

Опера Кытайдын Маданият министрлиги жана Опера институтунун колдоосу менен 4-5-январь күндөрү тартууланды. Анын сценарийин Кытайдагы белгилүү сценарист Ван Сяолин даярдады жана ал даярдык үчүн эки жыл убакыт сарпталгандыгын айтып өттү. Кытай тилиндеги "Манас" операсы биринчи жолу 2017-жылдын 30-сентябрында Пекинде тартууланган.

Булак: sputnik.kg