Кыргызстанда аскердик тик учак кырсыкка учурады
Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн тик учагы тоолуу аймакка конууда кырсыкка учурады.

Бугүн 9-июлда Ысык-Көл облусундагы Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында альпинисттерди куткаруу учурунда аскердик Ми-8 МТВ тик учагы кырсыктады. Бул тууралуу Башкы штаб кабарлады.
Тик учак тоолуу аймакка конууда катуу шамалдан улам каптал жагы менен кулап түшкөн.
Штабтын маалыматы боюнча, кырсыкта борттогу төрт киши жабыркады. Учурда альпинисттерди жана жабыркаган куткаруучуларды куткаруу иштери жүрүүдө.
Ал эми кулап түшкөн тик учактын абалы тууралуу маалымат берилген жок.
Түштүк Эңилчек мөңгүсү - Борбордук Теңир Тоонун кыркасында жайгашкан өрөөн түрүндөгү эң бийик мөңгү.
Булак: Азаттык