Chingiz Baimurzaev
1 year ago - 2 Dakika, 19 Saniye
tr
az
en
kk
ky
uz
ru
tk

Кыргызстан менен Өзбекстандын илимдер академиясынын ортосунда кызматташтык күчөйт


Кыргызстан менен Өзбекстандын илимдер академиясынын ортосунда кызматташтык күчөйт


Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти академик Мурат Жуматаев Кыргыз республикасынын президентинин расмий иш сапарынын алкагында Өзбекстан республикасына барып келди. Бул алкакта Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын президенти, Бекзод Юлдашев менен жолугушуп, эки академиянын ортосунда келишимге кол коюшту. 

Жуматаев Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясы менен келечекте жасай турган иштер, илимий потенциалды күчөтүү, бири-биринин ийгиликтерин бөлүшүү жана өлкө аралык долбоорлору түзүү тууралуу ой-пикирлерин айтты. Мындан сырткары, дарыялар Кыргызстандан башталып, Өзбекстанды жана Казакстанды аралап өткөндүгүн жана ошол себептен улам бул аралыкта суунун жана топурактын канчалык өзгөрүүгө учурагандыгын биргеликте изилдөө жакшы болоорун баса белгиледи.

Булак: Акипресс