Chingiz Baimurzaev
1 year ago - 2 Dakika, 13 Saniye
tr
az
en
kk
ky
uz
ru
tk

Кыргыз-түрк достугу ооруканасы жакында өз ишин баштамакчы


Кыргыз-түрк достугу ооруканасы жакында өз ишин баштамакчы


Түркиянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (TİKA) тарабынан каржыланып жаткан Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк достугу ооруканасынын курулуш иштери дээрлик аяктады. Cаламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев тазалоо иштери аяктаган соң оорукана жакынкы айларда өз ишин баштай тургандыгын маалымдады. 

Оорукана 400 орунга ылайыкташып, бардык жабдуулар, курулуш материалдары Түркиядан алынып келинген. Ал Орто Азиядагы эң заманбап ооруканалардын бири болуп саналат. Ага ишке орношо турган дарыгерлер атайын окуудан өтүп, заманбап дарылоо ыкмаларын үйрөнүшөт. 

Эске сала кетсек, Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Кыргызстанга болгон акыркы сапарында Бишкеке заманбап оорукана белек кылууга сөз берген эле. Оорукана 15 айдын ичинде курулуп бүттү.