Chingiz Baimurzaev
9 months ago - 2 Dakika, 32 Saniye
traz
en
kk
ky
uz
ru
tk

Кыргызстандын президенти С.Жээнбеков Түркияга барат

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-10-апрель күндөрү расмий иш сапары менен Түркия мамлекетине барат.

Кыргызстандын президенти С.Жээнбеков Түркияга барат

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков маалымат жыйынында Жээнбековдун түркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен жолугаарын жана эки тараптуу кызматташууларды арттыруу максатында сүйлөшүүлөр боло тургандыгын билдирди.

Иш сапардын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо, спорт, айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташтык сыяктуу бир катар келишимдерге кол коюлат.

Жээнбеков мындан тышкары, өкмөт башчысы Бинали Йылдырым жана Түркия парламентинин спикери Исмаил Кахраман менен жолугушат.

Сооронбай Жээнбековдун бул иш сапары, ал президент болуп шайлангандан бери Түркияга жасаган алгачкы расмий иш сапары болуп эсептелет. Түркияга расмий сапар аяктаган соң президент Бельгияга жумушчу сапар менен барат.