Кыргыз-Орус Өнүгүү фонду Эксимбанк менен келишимге кол койду

Кыргызстан-Түркия ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн маанилүү кадам ташталды. Кыргызстанда негизделген Кыргыз-Орус Өнүгүү фонду Эксимбанк менен келишимге кол койду.
Кыргыз-Орус Өнүгүү фондунун башчысы Бакыт Курманбеков, кыргыз-түрк бизнес чөйрөсү үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн жана кыргыз ишкерлеринин Түркиядан жабдыктарды алууда алда канча оңойчулук жаралгандыгын баса белгиледи.
Курманбеков түрк-кыргыз мамилелеринин кайрадан калыбына келип жаткандыгын жана бул кызматташтыктын жакын арада оң натыйжа бере тургандыгын айтып өттү.
Булак: İHA