Dilek Özdemir
1 year ago - 3 Dakika, 13 Saniye

Казакстан табигый газ жана мунай өндүрүүдө 2024-жылга чейин 8 миллиард долларлык инвестицияны ишке ашырат

Казакстан табигый газ жана мунай өндүрүүдө 2024-жылга чейин 8 миллиард долларлык инвестицияны ишке ашырат

Казакстан табигый газ жана мунай продукцияларын өндүрүү жаатында 2024-жылга чейин суммасы 8 миллиард долларды түзгөн инвестицияны ишке ашырат.

Казакстандын Энергетика министрлиги тарабынан айтылган маалыматка ылайык, өлкөдө табигый газдын 7 триллион м³  резерви бар. Анын 3,4 триллион м³ун өндүрүүгө болот.

Баяндамада табигый газ менен мунай өндүрүү паралелдүү кетип жаткандыгы жана “Казакстан табигый газды өндүрүүнүн 70 пайызын АКШ, Кытай, Орусия жана Европа өлкөлөрүнөн келген инвесторлор менен биргелешип өндүрүүдө. Ал өлкөлөрдүү көптөгөн эл аралык чоң компаниялары бар”, деп айтылды.

Мындан сырткары, өткөн жылы өндүрүлгөн 46,4 миллиард м³ табигый газга салыштармалуу, үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин 48 миллиард м³ газ өндүрүлө тургандыгы жана бул секторго карата 2024-жылга чейин чет элдик компаниялар менен биргеликте суммасы 8 миллиард долларды түзгөн инвестиция ишке ашырыла тургандыгы маалымдалды.

Баяндамада жогоруда айтылып өткөн инвестициянын ичинде 1,3 миллион тонналык полимер продукциясын өндүрө ала турган эки нефтехимия дообоорунун дагы орун ала тургандыгы белгилүү болду.