Француздар кыргыз самсасы менен таанышты
Францияда жашаган кыргызстандык Белек Маматкулов, өзү ойлоп тапкан дөңгөлөктүү тандырда самса бышырып, аны менен француздарды тааныштырып жатат.
Маматкулов буга чейин узун убакыт Франциянын эл аралык легионунда аскердик кызмат өтөгөн. Кызмат мөөнөтүнүн аягында француздарды кыргыз ашканасы менен тааныштыруу максатын койгон.
Белек бул максатын ишке ашыруу үчүн көпкө ойлонуп, дөңгөлөктүү кол арабанын үстүнө тандыр куруу пикирине токтолгон. Ошентип, ал тандырда самса бышырып, француздарга сата баштаган.

Учурда Белектин самсалары жергиликтүүлөр тарабынан жактырылып, белгилүү боло баштаган учуру.
Ишмердүүлүк чөйрөсүнө жаңы кошулган жаш ишкердин жашы 34тө. Маматкулов тандыр унаасын куруп жана аны менен дүйнөнү кыдырууну кыялданат.

Жаш ишкер бул үчүн FoodTruck (тамак-аш унаасы) долбоорун жазып, интернет аркылуу коомдук каражат топтоо иш-чарасын баштатты. Белектин долбоору интернет аркылуу колдоого ээ болгон учурда, ал тандыр унаасы менен Европаны кыдырып, кыргыз ашканасын көпчүлүккө таанытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.