Экотуризм жана анын пайдалары

Экотуризм термини өтө эле жаңы пайда болду. Алгачкы жолу 1992-жылы Рио чөйрө саммитинде туруктуу дүйнө жана чөйрө үчүн бир канча критерийлер бекитилген. Бул критерийлерди кыскача, айлана-чөйрөнү ага зыян келтирбестен пайдалануунун жолдорун өнүктүрүү жана баардык жергиликтүү элдердин маданияттарын жок кылбастан аларды туризм тармагынан пайдалануусуна шарт түзүү деп айтууга болот.
Экотуризм табият сүйүүчүлөр жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылган туристтердин иш-аракеттерине караганда алда канча чоң тема болуп эсептелет. Чындыгында бул нерсе экологиялык, экономикалык жана коомдук иш аракеттердин бүтүнү болуп эсептелет.