Түрмөнстан 1991-жылы СССР кулагандан кийин көз карандысыздыкка ээ болгон Орто Азиядагы Түрк мамлекеттеринин бири болуп эсептелет. Өлкө 1995-жылы 12-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун генералдык ассамблеясы тарабынан туруктуу бейтараптык статусун алган. Түрмөнстандын желегине жашыл түстүн үстүндө ай, беш жылдыз жана беш түрмөн килеми түшүрүлгөн. Ал өлкөнүн конституциясы менен бирге 1992-жылы кабыл алынган. Борбору – Ашхабат шаары. Башкаруу формасы – президенттик республика. Түрмөнстан (Азербайжан, Казакстан, Түркия, Түндүк Кипр Республикасы, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия менен бирге) ТҮРКСОЙдун мүчөсү болуп эсептелет. Улуттук валютасы – манат.Ал түштүк-чыгыш тарабында Ооганстан менен, түштүк тарабында Иран менен, Өзбекстан менен түндүк-чыгышта, Казакстан менен түндүктө жана батышта Каспий деңиз менен чектешет. Өлкөнүн эң бийик жерлери: Көйтен тоосу (3319 м) жана Копет тоосу (2942 м). Каспий деңизинин жанындагы тузга бай Карабогаз көлү да Түрмөнстандын аймагында орун алган. Түрмөнстандын жалпы аянтынын бештен төрт бөлүгүн Каракум чөлү каптап турат.Расмий тили – түркмөн тил. Калкын 98 пайызы кат сабаттуу. Түрмөн тили Урал-Алтай тил группасына караштуу Батыш Түрк тилинин диалекттеринин бири болуп эмептелет. Түрмөн тили бүгүнкү күндө Түрмөнстанда жашаган 6 миллион түркмөн жана Иран, Ооганстан, Россия жана башка аймактарда жашаган 3 миллиондон ашуун түркмөн тарабынан сүйлөшүлөт. Түрмөнстандын негизги кирешеси жаратылыш газы жана пахта өндүрүүдөн түшөт. Өлкө дүйнөдө жаратылыш газын өндүрүү боюнча чоңдугу жагынан төртүнчү орунда турат. Мына ошол себептен улам өлкөдө экономикалык реформалар көп жасалбай келет.