1071-жылы Малазгирттеги жеңиштен кийин Анадолуга карай Түрк көчү башталды. Бул көчтүн башталышынан тартып Монголдордун чабуулуна чейинки убакытта бул аймакты Анадолунун Селжуктары башкарган. Чабуулдан кийинки доордо бул аймакта көптөгөн Түрк бейлиги пайда болгон. XIII-кылымдан тартып Осмон уулдары Анадолу менен бирге эле Түштүк-Чыгыш Европа, Батыш Азия жана Түндүк Африкада эбегейсиз империя куруп, Евразия жана Африкадагы эң күчтүү мамлекет болду. Империянын эң даңазалуу доору XV-XVII-кылымдарда өзгөчө Сулайман Iдин убагында сүргөн. 1683-жылдагы 2-Вена курчоосунда жана 1699-жылдагы Ыйык Альянстык согуштардан кийин түрктөр Европадагы жерлеринен кайтып баштаган жана Осмон династиясы бара-бара алсырап баштаган. Осмон династиясы 1-Дүйнөлүк согушта альянстык мамлекеттердин катарында согушкан жана жеңилүүгө дуушар болуп, Осмон династиясы душман тарабынан басып алынган. Андан соң империалистик күчтөргө карата Боштондук согушу башталган жана бул жеңиштин натыйжасында 1923-жылы Мустафа Кемал Ататүрк тарабынан бүгүнкү Түркия республикасы негизделген. Түркия республикасы түндүк-чыгышта Болгария, батышта Греция менен, түндүк-чыгышта Грузия менен, чыгышта Армения, Иран, Азербайжан, ал эми түштүк-чыгышта Ирак жана Сирия менен чектешет. Өлкөнү түштүктө Жер Ортолук деңизи, батышта Эгей деңизи жана түндүктө Кара деңиз курчап турат. Түркия Европа менен Азиянын кесилишинде жайгашкандыгы үчүн өзгөчө стратегиялык мааниге ээ. Түркия жергеси түрдүү маданияттарга бай. Ал демократиялык, светтик жана унитардык республика болуп эсептелет. Расмий тили – түрк тили. Калкынын 99 пайызы Ислам динин кармашат. Түркия Евробиримдик, НАТО, ЭАКӨ (OECD), ЕККУ жана G-20 уюмдары менен жакын мамиледе болгондугу үчүн батыш өлкөлөрү менен тыгыз байланышта. Ал 1963-жылы Европа Экономикалык Уюмуна мүчө болгон. 1995-жылы ЕБ Бажы Биримдигине кошулган жана 2005-жылы Евробиримдикке толук түрдө мүчө болуу үчүн сүйлөшүүлөр башталган. Түркия мындан сырткары Түрк Кеңеши, Эл аралык түрк маданият уюму, Ислам Кызматташтык Уюму жана Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө Түркия өнүккөн экономикасы жана дипломатиялык кызматташтыктарынын натыйжасында аймактык күч катары таанылат.
Мугла менен Мармаристи бири-бирине байланыштырган “эң кооз жол” Гөкова аймагынын Акчапынар айылында жагашкан. Жолду бойлой өскөн жүздөгөн эвкалипттер...
Уландысын окуХажамат бул - кичинекей стаканды колдонуу аркылуу теринин үстүнө негативдүү басым жасап, андан соң терини майда майда тилип кан чыгаруу болуп эсетеле...
Уландысын окуСтевия өсүмдүгүнүн мекени Парагвай болуп эсептелет. Бул өсүмдүк диабет дартына даба болууда. Аны өстүрүү дүйнөнүн...
Уландысын окуШаманизм – бул шамандар транс абалына өтүү аркылуу, рухтар менен Теңир жана адамдардын ортосунда байланыш түзүп, оорулууларды айыкты...
Уландысын окуБайыркы доордун белгилүү порт-шаарларынын бири болуп эсептелген Фаселис шаары б.з.ч 42-жылы Брут тарабынан Римге кошулган жана Визан...
Уландысын окуСтуденттик кезибиз жашообуздагы маанилүү доорлордун бири болуп саналат. Бул доор дүйнө карашыбызды кеңейтүү, коомдук жана маданий жа...
Уландысын окуБельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөн НАТО жыйынын расмий билдирүүсү жарыяланды. Билдирүүдө уюмдун Түркияны коргой турганы айтылат. Брюссель жыйынын...
Уландысын окуИстиклал көчөсү Стамбулдун эң эски Бейоглу кичи районунда, туннелден Таксим майданына чейинки аралыкта жайгашкан. Көчөнүн узундугу 1...
Уландысын оку