Россия Евразия материгинин көпчүлүк бөлүгүн ичине камтыйт. Ал чыгышта Япон, Охотск, Беринг деңизи жана Беринг кысыгы менен; батышта Балтика деңизи жана Финляндия булуңу менен; түндүктө Баренц, Кара, Чукча жана Чыгыш Сибирь деңизи менен; жерде болсо көптөгөн өлкө менен чектешет.Россиянын калкынын саны 145 миллион киши. Өлкө аймагында жүздөн ашуун улут жашайт. Алардын ичинен орустар (% 81.5), татарлар (% 3.8), украиндер (% 3), чуваштвр (% 1.2), башкырлар (% 0.9), беларустар (0.8 %) мордвиндер (% 0.7), немис жана чечендер (% 0.6), аварлар, армяндар жана жөөттөр (% 0.4) пайызды түзөт. Түштүктөгү Кара деңиз аймагында кыш мезгили кыска жана салкын ал эми Сибирь аймагында кыш узун жана өтө суук болот. Жаз мезгилинде стептер жылуу ал эми түндүк уюл тарабында аба салкын болот. Россиянын көп аймагы алты ай кар менен капталып турат. Аба ырайы көбүнчө катаал жана аны алдын ала билүү кыйын. Россиянын Европа тарабында жайгашкан аймактарында бмр жылдык орточо температура 0 ° C ал эми Сибирде мындан да төмөн. Эң көп жамгыр Түндүк Кавказда, Тынч океанынын жээгинде жана Россиянын түндүк-чыгыш аймагында жаайт.