Кыргызстан – Орто Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк-чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Кыргызстандын аянты 199,9 миң квадрат чакырым. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 метр. Жеңиш чокусу (7439 метр) өлкөдөгү эң бийик жер болуп эсептелет. Кыргызстан - тоолуу өлкө. Республикада түстүү жана сейрек учурай турган металлдар, алтын, көмүр жана башка кен байлыктар бар. Климаты континенталдуу. Дарыялары негизинен Сырдарыяга куят, анын башкы булагы - Нарын. Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек сыяктуу кооз көлдөр бар. Кыргызстандын калкы 5 миллион адам. Анын 66,9% кыргыздар, 14,14% өзбектер, 10,65% орустар жана 8,31% калган улаттар түзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт. Мамлекеттик тил – кыргыз тили; расмий тил – орус тили. Кыргызстан – Чыгыш менен Батышты бириктире турган борбордук азия цивилизациясынын кан жолунда жайгашкан. Сулайман тоо, Өзгөндөгү тарыхый комплекс, Саймалуу таштагы сүрөттөр, Манастын күмбөзү, Таш-Рабат тарыхый кербен сарайы, Бурана мунарасы кыргыз жеринин байыркы тарыхтан калган кереметтери катары бааланат. Кыргыз Республикасынын борбору – Бишкек. Бишкек шаары республиканын саясий, экономикалык, илимий жана маданий борбору болуп эсептелет. Кыргызстан 7 облустан турат. Алар: Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй.
Кыргызстан Орто Азиянын эки чоң тоо системасы болгон Тянь-Шань жана Памир тоолорунун ортосунда жайгашкан. Кыргызстан төрт өлкө менен чектешет: түштүк...
Уландысын окуКыргызстан-Түркия ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн маанилүү кадам ташталды. Кыргызстанда негизделген Кыргыз-Ору...
Уландысын окуБишкекте Түрк Кеңешинин Экинчи эл аралык жаштар фестивалы өттү. Бишкекте 10-12 июль күндөрү түрк тилдүү өлкөлөрдүн уюму болгон Түрк К...
Уландысын окуКыргызстан куралдуу күчтөрүнүн тик учагы тоолуу аймакка конууда кырсыкка учурады. Бугүн 9-июлда Ысык-Көл облусундагы Түштүк Эңи...
Уландысын окуФранцияда жашаган кыргызстандык Белек Маматкулов, өзү ойлоп тапкан дөңгөлөктүү тандырда самса бышырып, аны менен француздарды тааныштырып жатат. Мамат...
Уландысын окуБүгүн 9-апрелде расмий иш сапары менен Түркияга келген президент Сооронбай Жээнбековду Анкарадагы "Эсенбога" аэропортунда вице-премьер-министр Хакан Ч...
Уландысын окуПрезидент Сооронбай Жээнбеков 9-10-апрель күндөрү расмий иш сапары менен Түркия мамлекетине барат. Президенттик аппараттын тышкы саяс...
Уландысын окуБишкек шаарында велосипед сезону кайрадан старт алды. Бул иш-чара «Мегаком» уюлдук компаниясы тарабынан, велоспорт жана велотуризм федерациясынын каты...
Уландысын окуТүркиянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (TİKA) тарабынан каржыланып жаткан Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк достугу ооруканасын...
Уландысын оку