Азербайжан Каспий деңизинин батыш тарабында, Түштүк Кавказда орун алган. Өлкө түндүктө Россия, түндүк-чыгышта Грузия, түштүк-чыгышта Түркия, батышта Армения жана түштүктө Иран менен чектеш. Каспий деңизи аркылуу өлкөнүн Түркмөнстан, Казакстан, Иран жана Россия менен чек арасы бар. Азербайжандын Тоолуу Карабаг аймагын жана ага чектеш жайгашкан 7 облусун Армения өзүнө каратып алган. Бул аймак Азербайжандын %20 түзөт.Өлкөнүн борбор шаары – Баку. Калкынын саны 10 миллион киши. Дүйнөнүн ар тарабында жашаган азербайжандардын жалпы саны 50 миллиондон ашуун (Иран Ислам мамлекетинде 3 млн, Иракта 3 млн, Европада 1 млн, Грузияда 500.000, АКШда 450.000, Орто Азияда 232.000).Азербайжанда тарыхта көптөгөн мамлекеттер, империялар жашап өткөн: Манна, Мидия, Сасанийлер, Албания, Антропатена, Ширваншахтар, Реввадийлер, Шеддадийлер, Сажилер, Саларийлер, Селжуктар, Каракоюндар, Аккоюндар, Сафавийлер, Авшарлар, Кажарлар. Дүйнөдөгү 11 климаттык алкактын тогузу жана дүйнөдөгү жалпы 2000ден ашуун баткак вулкандын 344тү Азербайжанда орун алган. Азербайжанда дүйнөдөгү эң чоң үстү ачык Кобустан музейи жайгашкан. 1918-жылы 28-майда чыгышта аялдарга шайлоого катышууга мүмкүндүк берген эң алгачкы республика Азербайжан Эл республикасы негизделген. Азербайжан Эл республикасы тарабынан кабыл алынган үс түстүү желек, 1991-жылы СССР кулгандан кийин көз карандысыз мамлекет катары курулган Азербайжандын улуттук символу деп бекитилген. Азербайжан республикасынын башкаруу формасы президенттик башкаруу болуп саналат. Бир президент эң көп жолу гана президент болуп шайланууга укуктуу. Башкаруу мөөнөтү 7 жыл.