Сбербанк

БанкРоссия

Сбербанк Россиянын банктык жана финансылык кызматтарды аткарган мамлекеттик компаниясы болуп саналат. Анын башкы офиси Москвада жайгашкан. Анын бүгүнкү күндө Россия Федерациясынын 83 аймагында 16.5 миң мекемеси жана 14 аймактык банкы кызмат көрсөтөт. Акыркы жылдарда Сбербанк өзүнүн чет элдеги филиалдарынын санын арбытты. Ал КМШ өлкөлөрүнөн (Казакстан, Украина жана Беларусия) тышкары Борбордук жана Чыгыш Европада (Sberbank Europe AG, эски VBI) жана Түркияда (Денизбанк) офистерин ачты. Сбербанк 22 өлкөдө 137 миллиондон ашуун жеке жана 1.1 миллиондон ашуун корпоративдик клиенттерге кызмат көрсөтөт.