Роснефть

Мунай & ЭнергетикаРоссия

Роснефть ачык акционердик коому анын кол астында иштеген бөдүмдөр менен бирге, Россияда жана чет өлкөдө чийки мунай жана газ чалгындоо иштерин жүргүзүү, өнүктүрүү, иштеп чыгаруу жана сатуу менен алектенет. Ал чалгындоо, өндүрүү, кайра иштетүү жана таркатуу сегменттеринде иштейт.
Роснефть компаниясы Батыш жана Чыгыш Сибирде,Тиман Печора, Борбордук Россия, Батыш Орусиянын түштүк бөлүгүндө жана Орусиянын Ыраакы Чыгышында мунай өндүрөт, жана ошондой эле Вьетнам, Венесуэла, Бразилия, Норвегия, Алжир, Бириккен Араб эмираттары, Кошмо Штаттарда, Канадада жана Түркмөнстанда бир катар долбоорлорго катышат. Ал этилен, пропилен жана полиэтилен сыяктуу нефтехимикаттарды, газ иштеп чыгарууда колдонулган каражаттарды, петрохимия жана органикалык синтездин продукцияларын, жүргүнчүлөрдү унааларынын майларын, комерциялык транспорт жана машина майларын, өнөр жай майларын, база майларын, жалпы жана атайын багытта колдонулуучу майларды, май кошулмаларын жана дизелде колдонулуучу кошумчаларды өндүрүп чыгарат.

Компания мындан тышкары, чийки мунайды түтүк аркылуу, темир жол жана транспорттун ар кандай түрү аркылуу ташыйт жана экспорттойт; мунай заттарын оптом жана чекене баада сатат, сактайт жана кеме ж.б транспорттор аркылуу жеткизет жана бункерлерге жана учактарга май куюуу кызматтарын тейлейт. Роснефть компанияга таандык же ижарага алынган май куйуу станцияларын жөнгө салат, ар түрдүү изилдөө жана бургулоо кызматтарын көрсөтөт. Компаниянын ExxonMobil жана КамАЗ менен стратегиялык өнөктөштүгү жана CEFC China Energy Company Limited менен стратегиялык кызматташтык жөнүндөгү макулдашуусу бар.