Лукойл

Мунай & ЭнергетикаРоссия

ЛУКОЙЛ дүйнөдөгү ири эл аралык мунайгаз компаниялардын бири болуп эсептелет жана анын нефти казып алуу боюнча дүйнөдөгү үлүшү 2% дан көбүрөөктү түзөт. Ал эми гидрокарбон резервдери боюнча болжол менен 1% дын тегерегинде. ЛУКОЙЛ "скважинадан бензоколонкага чейин" деген принцип менен иштейт. Мындайча айтканда, нефти өндүрүүдөн баштап, аны кайра иштетүү, мунайзаттарын дүң жана чекене сатуу сыяктуу баардык этаптарда иш алып барат.