Yücel Tanay
1 year ago - 8 Dakika, 14 Saniye

Чыгыш Түркестандагы боштондук күрөшүнүн көрүнүктүү жетекчиси жана Алтайдын бүркүтү- Осмон баатыр

Осмон Исламулы - Алтайлык казактардын уулу жана Чыгыш Түркестандагы  улуттук-боштондук күрөшүнүн жетекчилиренин бири болгон. Ал  20-кылымдын биринчи жарымында орус жана кытай бийликтерине каршы боштондук күрөшүн жүргүзгөн жана 1951-жылы кытай аскерлери тарабынан атылып өлтүрүлгөн бир баатыр.

Чыгыш Түркестандагы боштондук күрөшүнүн көрүнүктүү жетекчиси жана Алтайдын бүркүтү- Осмон баатыр


Өмүр таржымалы

Чыныгы аты Осмон Ислам уулу (каз. Оспан Исламулы).  Элине "баатыр" катары таанылган. Ал 1899-жылы Алтайга караштуу Көктогай аймагынын Өңдиркара өрөөнүндө  дүйнөгө келген. Осмон ортозаар үй-бүлөдө көчмөндүк турмушту көрүп өскөн. 10 жашка чыкканча эле атка минип, жаадан ок атканды билген. 12 жашында Бөке баатырдын кошуунуна кошулуп, жоокердик өнөрдү ийне-жибине чейин үйрөнгөн. Ал тапта Бөке баатыр баштаган көтөрүлүш кытай бийлиги тарабынан бастырылып, Тибет тоосун ашып Түркияга жетүүнү көздөгөн баатырдын башы алынган. Бул окуядан кийин Осмон журтуна кайтып, жашы кыркка келгенче жөнөкөй тиричилик өткөргөн.  1940-жылдары кытайлардын жергиликтүү элге каршы басымы арта баштаганда, колуна жалгыз гана куралын алып тоого чыгып кеткен.  Ошентип, Осмон баатыр башында жалгыз баштаган улуттук-боштондук күрөшүн,  1951-жылдын 29-апрелинде Урумчи шаарында өлтүрүлгөнгө чейин уланткан. 

Улуттук-боштондук үчүн күрөш

Осмон баатыр 1911-жылы  Алтай менен Чыгыш Түркестанды орус жана кытай бийликтеринин эзүүсүнөн бошотуу максатында  улуттук-боштондук күрөшүн баштатат. Алтайда башталган кыймыл 1943-жылы өз максатына жеткендей болот. Осмон баатырдын жетекчи катары зоболоосу көтөрүлөт.  

Ал 1943-жылдын 22-июлунда ак кийизге отургузулуп, алтайлык казактардын ханы болуп жарыяланат. 1945-жылдары Чыгыш Түркестандын бир нече шаары жергиликтүү түрк элдеринин көзөмөлүнө өтөт. Кытай тарап үчүн бул чоң бир коркунуч болгон. Кытайдын армиясы көтөрүшчүлөрдү аёосуз жазалай баштайт. Таргабатай жана Алтай аймактарында башталган улуттук-боштондук күрөшкө 30 миңдей көтөрүлүшчү катышкан. 1950-жылдары алардын саны төрт миңге  чейин азайган.  

Ошол тапта, аны менен бирге  Алибек казы жана анын жолдоштору да боштондук үчүн  күрөшкөн. 

Осмон баатыр 1951-жылы Канамбал тоосунда кытай аскерлеринин колуна тушүп, Урумчи шаарына алынып келиген. 

Кытай бийлиги1951-жылдын 29-апрелинде   баатырды мазактоо максатында элди аралатып, колу-бутун кесип кыйнашкан. Кыйноонун соңунда атып өлтүрүшкөн. Балдары да кескиленип,  мыкачылык менен өлтүрүлгөн. Күйүткө чыдабаган аялы Мемей, шар суу аккан жардан боюн таштап көз жумган   

Чыгыш Түркестандагы боштондук күрөшүнүн көрүнүктүү жетекчиси жана Алтайдын бүркүтү- Осмон баатыр


Чыгыш Түркестанда Осмон баатыр шейит болгон күндү "күндүн баткан күнү" деп аташат. Бирок бул туура эмес. Чындыгында күн баткан жок, ал мурункудан дагы жарык болуп нурун чачып турат. 

Кытайлар канчалык эзсе да, Осмон баатырдын улутунун жүрөгүндө жагып кеткен улуттук-боштондук отун өчүрө алган жок! Пекин азыркы күнгө чейин анын атын атоодон коркот!

Бүгүн, Алтай бүркүтүнүн шейит болгон күнүндө эскерип,  ага терең таазим кылабыз.

Топурагы торко болуп, жаны жанаттан орун алсын...