Chingiz Baimurzaev
1 year ago - 2 Dakika, 11 Saniye
tr
az
en
kk
ky
uz
ru
tk

Үч өлкөнүн темир жолунун маршруту апрель айында белгиленет

Үч өлкөнүн темир жолунун маршруту апрель айында белгиленет

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан билдирген маалыматына караганда, Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстантын ортосундагы темир жолдун маршруту ушул жылдын апрель айында даяр болуусу күтүлүүдө. Мындай чечим Ташкент шаарында үч өлкөнүн өкүлдөрү катышкан жорлугушууда кабыл алынды. 

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков: "Делегация башчылары аталган долбоорду ишке ашырууга билек түрө киришип, так даталарын белгилешти. 2018-жылдын апрель айында кийинки жыйын болот. Ага чейин жолдун маршрутун толугу менен түзүп бүтүшүбүз керек," деди. 

Курула турган темир жол Кытайда өндүрүлгөн товарларды Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгышка Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу ташууга шарт түзөт.

Булак: sputnik.kg