Chingiz Baimurzaev
1 year ago - 2 Dakika, 7 Saniye
traz
en
kk
ky
uz
ru
tk

Бишкекте велосезон башталды

Бишкек шаарында велосипед сезону кайрадан старт алды. Бул иш-чара «Мегаком» уюлдук компаниясы тарабынан, велоспорт жана велотуризм федерациясынын катышуусунда уюштурулду.

Бишкекте велосезон башталды

“Мегаком” уюлдук компаниясынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Жумгалбек Өмүрканов “Азаттыкка” билдирген маалыматына караганда, 1-апрелде башталган иш-чарага 1500ге жакын велосүйүүчү катышты. Ачылыш аземинден соң, велосүйүүчүлөр борбор калаадагы Уркуя Салиеванын эстелигинен түштүк дарбазадагы Жеңиш паркына чейин веложүрүш жасашты.

Бул иш-чара 12 жылдан бери өтүп келет. Анын негизги максаты сергек жашоону даңазалап, шаардыктарды велосипед менен жүрүүгө үндөө болуп саналат. Адистердин божомолуна караганда, Бишкекте велосүйүүчүлөрдүн саны жыл санап көбөйүүдө.