Chingiz Baimurzaev
1 year ago - 2 Dakika, 4 Saniye
tr
az
en
kk
ky
uz
ru
tk

Бишкекте II-эл аралык китеп жарманкеси болуп өттү


Бишкекте II-эл аралык китеп жарманкеси болуп өттү


Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата II-Бишкек эл аралык китеп жарманкеси уюштурулду. 

Жарманке 14-15-декабрь күңдөрү Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада болуп өттү. Ага карата Кыргызстандан, Орусиядан, Беларуссиядан жана Ирандан жыйырмадан ашуун басмакана катышты. Мындан сырткары жарманкеде окурмандарды жазуучулар менен жолуктуруу долбоору жана адабиятты өнүктүрүүнүн жолдору тууралуу доклад окулду жана тегерек үстөл болуп өттү. 

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда дүйнөгө келген жана 2008-жылы 10-июнда дүйнө менен кош айтышкан. Декабрь айында Түркиянын да көптөгөн университеттеринде улуу жазуучуга арналган эскерүү кечелери уюштурулду.