Aiperi Seiitbekova
6 months ago - 13 Dakika, 58 Saniye
tr
az
en
kk
ky
uz
ru
tk

Бүгүн Сребреница кыргыны эскерилүүдө

Бүгүн 11-июлда Босния жана Герцеговина баш болгон дүйнөнүн бир топ өлкөсүндө Сребреница кыргынынын курмадыктары эскерилүүдө. Босниялык-серб аскер башчысы Ратко Младич жетектеген серб армиясы 1995-жылы 11-июлда, өлкөнүн чыгышында жайгашкан шахтёрлор шаары Сребреницаны басып алган. Бошняк-серб кагылышуусунда миңдеген шаар тургундары курман болуп, шаар бүтүндөй бир көрүстөнгө айланган.

Бүгүн Сребреница кыргыны эскерилүүдө

Туура 23 жыл мурун болгон кыргындын курмандыктарын эскерүү үчүн Босния жана Герцеговинада 8-11-июль күндөрү "Сребреница кыргынынын курмандыктарын эскерүү жумалыгы" деп жарыяланып, өлкөдө бир нече эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү. 

Тынчтык жүрүшү

Эскерүү иш-чаралары 8-июль күнү миңдей бошняк жана чет өлкөлүк катышуучулардын катышуусу менен өткөн  салттуу "Тынчтык жүрүшү" менен башталды. Быйыл жүрүштүн маршрутуна биринчи жолу "өлүм жолу" деп аталган токой жолу да кошулду. 

Бүгүн Сребреница кыргыны эскерилүүдө

Катышуучулар 13 километрге созулган бул кандуу жол аркылуу биринчи жолу басып өтүштү. Бул жолдо 1995-жылы кыргын учурунда шаардан качып чыгып, Тузла шаарын көздөй сапарга чыккан миңдеген бошняк курман болгон. Алар серб аскерлеринин токой жолуна жайгаштырган мина тузактарына дуушар болуп каза болушкан. 

Катышуучулар үч күн бою уланган жүрүш учурунда окуя болгон жерлерди жана кийинчерээк миналардан тазалоодо токой жолунда табылган кээ бир адамдардын сөөктөрүн, буюмдарын көрө алышты. 

Жүрүш 11-июлда Сребреница шейиттер көрүстөнүндө жыйынтыкталды. "Тынчтык жүрүшүнүн"  катышуучулары жалпысынан 35 километр жол жүрдү. Бул иш-чара быйыл 14 ирет өткөрүлдү. 

Ошол эле учурда борбор шаар Сараеводон 10-июлда эртең менен жолго чыккан  600гө чукул чет өлкөлүк мотоциклист Сребреницага келип, кыргындын курмандыктарын эскерди.  Хорватиянын чыгышындагы Вуковар шаарында болсо "Вуковар-Сребреница" марафону уюштурулуп,  6-июлда жолго чыккан марафончулар 10-июлда Поторачи көрүстөнүнө жетти.

Кыргындын курмандыктарынын отуз бешинин өздүгү такталды

Бүгүн Сребреница кыргыны эскерилүүдө

Босния жана Герцеговинада кыргындын курмандыктарынын өздүк малыматтарын тактоо иштери дагы деле уланып жатат. Быйыл эски бир фабриканын чукурундан казылып чыгарылган 35 кишинин өздүгү такталды. Алардын сөөгү тазаланып жана жаназасы окунуп, 11-июлда Поторачи шейиттер көрүстөнүнө  коюлду. 

Өздүгү такталган бул 35 кишинин эң кичүүсү 16 жашында, ал эми эң улуусу 71 жашында өлтүрүлгөн. Алардын арасында күйөөсү менен чогуу өлтүрүлгөн алты айлык кош бойлуу болгон Ремзиджи Дудич да бар. 

Алардын сөөктөрү согуш жылдарында Бириккен Улуттар Уюмдары тарабынан аскерий база катары колдонулган эски аккумулятор фабрикасында табылган.  

Поточариде өткөн жаназага жана эскерүү иш-чарасына жергиликтүү тургундар менен бирге чет өлкөлүк коноктор да катышып, шейиттердин элесине арналган куран окутулду.

Түркия Сребреница кыргынын унуткан жок

Бүгүн 11-июлда Түркиянын Стамбул шаарында Сребреница курмандыктарын эскерүү иш-чаралары өтөт. 

Жергиликтүү бошняктар тарабынан уюштурулган эскерүү жүрүшү кечки саат 18:30да шаардын Азия тарабында жайгашкан Картал районундагы Бүлент Эжевит маданий борборунун маңдайында башталып, деңиз жээгиндеги Картал аянтында орун алган Сребреница эстелигинин жанында  жыйынтыкталат. 

Бул жерде Сребреница кыргынында каза болгон 8 миң 372 миң бошняктын элесине арналган эскерүү кечеси өтөт. Иш-чарага Республикалык элдик партиянын жетекчиси Кемал Кылычдароглунун да катышуусу күтүлүүдө. 

Эскерүү кечесинден кийин, Пендик районундагы Бошняк биримдиги жана Бошняк академиялык маданият жана тарых фонду тарабынан уюштурулган конференция өткөрүлөт. Кечки саат тогузда башталчу иш-чарада профессор Смаил Чекич баяндама жасайт. 

Сребреница кыргыны

Бүгүн Сребреница кыргыны эскерилүүдө

Сребреница - Босния жана Герцеговинанын чыгышында жайгашкан шахтёрлордун шаары. 1991-жылы жасалган элдик каттоо боюнча шаарда 5 миң 700дөй калк жашаган. Алардын 3 миң 600 (63,92%) - бошняк,   1 миң 400 (28,40%) -серб улутундагылар болгон. 1995-жылы кыргын болгон учурда 30 миңдей тургун жашаган. 

Кандуу Сребреница кыргыны - 1992-1995-жылдары Босния согушу жүрүп жаткан учурда болгон. 1995-жылы босниялык-серб аскер башчысы Ратко Младич жетектеген серб армиясы бошняк айылдарын басып алган. Алар 11-июлда Сребреница шаарына кирип, миндеген шаар тургундарын кырып салышкан. 

Шаар ичинде жана качып бара жатканда өлтүрүлгөн курмандыктардын саны 8 миңден ашат. Алардын 500гө жакыны 18 жашка чыга элек жаш балдар болгон. 

Сребреница мемориалдык комплексинин маалыматтары боюнча 1995-жылдын 11-12-июль күндөрү Сребреницада 8 миң 372 киши өлтүрүлгөн. Алардын 6 миң 439нун өздүк маалыматы такталып, Поторачи шейиттер көрүстөнүнө көмүлгөн. 2017-жылы 301 кишинин аты-жөнү такталса, быйыл фабриканын чукурунда табылган сөөктөрдүн 35нин дайыны билинген. 

Учурда миңдей кишинин дайынын тактоо боюнча иштер жасалып жатат.

БУУнун эл аралык сотунун 2007-жылы 26-февралда чыгарган чечими боюнча, Сребреница кыргыны "Бошняктарга каршы жасалган геноцид" катары бааланган.  Европа парламенти болсо 2009-жылы 11-июлду "Сребреница курмандыктарын эскерүү күнү" деп жарыялаган.


Булак:  trt.com.tr; aa.com.tr