Rabiya Arcan
1 year ago - 6 Dakika, 5 Saniye

Азиянын эң ири коомдук базары: Дордой

Кыргызстан Орто Азиянын эки чоң тоо системасы болгон Тянь-Шань жана Памир тоолорунун ортосунда жайгашкан. Кыргызстан төрт өлкө менен чектешет: түштүк жана түштүк-чыгышында Кытай, түндүгүндө Казакстан, батышында Өзбекстан, түштүк-батышында Тажикстан бар. Географиялык жактан соода-сатык жүргүзүүгө ыңгайлуу бир жер. Өлкөдө Азиянын эң ири коомдук базары болуп эсептелген “Дордой базары” бар. Базар 1990-жылдары ачылып, жалпысынан 100 гектарлык аянтка ээ. Дордойдо 40 миңге жакын соода түйүнү иштетилип, 55 миңдей киши иш менен камсыздалган. 

Азиянын эң ири коомдук базары: Дордой


Базарда рыноктун ар башка тармактары болгон: кийим, бут кийим, эмерек, электрдик жана электрондук аспаптар, оюнчуктар, унаа тетиктери, курулуш материалдары сатылат. Дордойдо азык-түлүктөрдүн түрүн да сатып алууга болот.

Базардагы товарлардын көбү Кытайдан алынып келинет. Кийимдер Тайланд жана Европадан, CD дисктер жана буга окшогон электрондук товарлар Орусиядан жана Евразиянын башка өлкөлөрүнөн келет.

Базарда соода-сатык кылгандардын көбү кыргызча билсе да, сооданын тили катары орус тилин колдонушат.

 
Азиянын эң ири коомдук базары: Дордой


Базарлар, соода-сатык жана кызмат көрсөтүү ишканалары ассоциациясынын жетекчиси Сергей Пономаревдин пикири боюнча, Дордой базарынын жалпы жылдык кирешеси бүгүнкү күнгө чейин так эсептелген эмес. Дүйнөлүк банктын ачыктоосу боюнча 2009-жылы базардын жылдык кирешеси 3,5 млрд. долларды түзгөн.

Дордой базары бир нече майда базарлардан куралган: Жунхай (Кытайдын товарлары), Дордой-Форд (унаа тетиктери), Мурас спорт (спорттук материалдар), Оберон (жергиликтүү кийим өндүрүшүнүн товарлары), Кербен (бут кийимдер), Алканов жана Со(жергиликтүү кийим өндүрүшүнүн товарлары), Чыгыш Дордой (Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн товарлары), Ак-Суу (Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн товарларынын дүң базары).

 
Азиянын эң ири коомдук базары: Дордой


Бишкектин тургундары көбүнчө Дордой базарында соода кылышат. Базарда бир эле товардын ар кандай түрүн жана маркасын табууга, арзан баада сатып алууга болот. Дордойду кыдырып жүрүп жергиликтүү тургундарды гана эмес, башка шаарлардан же чет өлкөлөрдөн келген кардарларды, соодагерлерди жолуктурууга мүмкүн. Бишкекке барып калсаңыз, Дордой базарына да кайрылып кетүүнү сунуштайбыз.