Dr. Atasağun
1 year ago - 9 Dakika, 51 Saniye

Азербайжандын экономикасында жаратылыш газынын ээлеген орду

Азербайжандын экономикалык кирешесинин көпчүлүк бөлүгүн жаратылыш газы, мунай жана темир рудасынын резервдеринен келген пайда түзөт. Өлкөнүн жалпы экспортунун 90 пайызын жаратылыш газы жана мунай ээлейт.

Жаратылыш газы:

OGJ тарабынан берилген маалыматка ылайык, Азербайжанда 2013-жылдын январь айында 991 миллион куб метр жаратылыш газ резерви бар экендиги тастыкталган. Жаратылыш газынын көпчүлүк бөлүгү Шах Деңиз аймагында орун алган бирок, Азери Чырак Гүнешли (AÇG) аймагында да жаратылыш газы өндүрүлүүдө. Шах Деңиз аймагында БП (British Petroleum) жана Статойлдун 25,5 пайыз үлүшү бар. Калган компаниялардын ар биринин 10 пайыз үлүшү бар: Тотал (Франция), Лукойл (Орусия), Нафтиран Интердрэйд Компани (Швеция) жана СОКАР (Азербайжан). TПAOнун Шах Деңиздеги үлүшү 9 пайызды түзөт.

Шах Деңиз дүйнөдөгү эң чоң жаратылыш газ запастарына ээ. БПнин маалыматына караганда, Шах Деңизде 1 триллион 132 миллиард куб метр жаратылыш газ запасы бар. Ал жерден 2006-жылы өндүрүлүп башталгандан бери 39 миллиард 436 миллион куб метр жаратылыш газы дүйнөгө экспорттолду. 2011-жылы Баку-Тблиси-Эрзурум түтүгүнөн болжол менен 5,3 миллиард куб метр жаратылыш газы экспорттолду.

Азербайжандын экономикасында жаратылыш газынын ээлеген орду

Азербайжан жаратылыш газын төмөнкү жолдор аркылуу экспорттойт:

Баку-Тбилиси-Эрзурум (Түштүк Кавказ) газ түтүк линиясы: Эрзурумга жетээрден мурда 692 км узундукта BTC мунай түтүгү менен паралелдүү жайгашкан. Түштүк Кавказ газ түтүгү 2006-жылы курулушу аяктап, 2007-жылы иштеп баштаган. Аны менен 8,7 миллиард куб метр жаратылыш газын ташууга болот.

Гази-Мехеммед-Моздок газ түтүк линиясы: узундугу 241 км. Ал Газпром менен СОКАРдын ортосундагы келишимдин негизинде Орусияга газ жеткирет. Бул линия аркылуу алгач Орусиядан Азербайжанга газ ташылчу. 2010-жылдан бери тескерисинче Орусияга газ жеткирүүдө. Орусия бул линия аркылуу 991 миллион куб метр газ ташууда.

Баку-Астара газ түтүк линиясы: Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чыр-чатактан улам, Азербайжан жаратылыш газын жеткирүү үчүн Иран менен бартер келишим түзгөн. Анын натыйжасында Иран Нахчиванга Азербайжандын газын ташып баштаган. Аны ишке ашыруу үчүн, Азербайжан Иранга Баку-Астара линиясы аркылуу газ жөнөтүүдө. Иран болсо бул газды Салман-Нахчиван линиясы аркылуу Нахчиванга жеткирүүдө. Иран бул транзиттик кызматы үчүн 15 пайыз комиссия алат. Нахчиван автономдук республикасынын эки тарабы Армения жана Иран менен курчалган. Түркия менен аз гана чек арасы бар. Ал Иран аркылуу келген газга көз каранды.

Транс Анадолу жаратылыш газы түтүк линиясы: (TANAP-ТАНАП): Азербайжан жаратылыш газын жаңы базарларга жеткирүү үчүн стратегиялык мааниге ээ келишимге кол койду. Бул келишим Азербайжан менен Түркиянын ортосунда түзүлдү. Бул долбоордун аты ТАНАП деп аталат. Бул долбоорго ылайык Азербайжандын газы Грузия жана Түркия аркылуу Греция жана Болгарияга чейин түтүк менен жеткирилет

Түркия менен Азербайжан Хайдар Алиев тарабынан айтылган «эки өлкө бир эл» девизин туу тутуп, бул долбоорду көзөмөлдөө үчүн атайын комиссия түзүү боюнча 2011-жылы 26-декабрда меморандум кабыл алды. 2012-жылдын 26-июнунда Илхам Алиев менен Режеп Таййип Эрдоган ТАНАП долбоору үчүн атайын аземде кол коюшту.

ТАНАП долбоору 4 баскычтан турат. Алгачкы газ агымы 2018-жылы ишке ашырыла тургандыгы пландаштырылып жатат. Газ ташуу 2020-жылы 16 миллиард куб метр, 2023-жылы 23 миллиард куб метр, 2026-жылы 31 миллиард куб метрге жете тургандыгы болжолдонууда.

Бул долбоордо Түркиянын БОТАШ (Түтүк линиялары аркылуу мунай ташуу а/к) жана ТПАО компанияларынын 20 пайыз, ал эми СОКАРдын 80 пайыз үлүшү бар.

Булак: al jazeеra